Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Учак жүгү боюнча депутаттык комиссия иштебей жатат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди. Спикер учактагы жүктүн ээсин аныктоо боюнча комиссия иштебей жатканын сынга алды:

-Өкмөт кырсыкка учураган учактын кожоюндарын кабыл алды. Мен да кабыл алып, маалыматтарын уктум. Өзүм жалгыз эмес, жолугушууга профилдүү комитеттин мүчөлөрү катышты. Учактын кожоюндары болгонун болгондой, жүк Стамбулга багытталганын, ээси ким экенин айтып беришти. Жүк тууралуу комиссия болсо аны уга элек. Анан улам, мөөнөтүбүздү жылдырып кой деп бизге келишет.

"Манас" аэропортунун жанындагы учак кырсыгынын себептерин жана анын бортундагы жүктүн чоо-жайын иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү 20-февралга чейин деп белгиленген. Комиссия ишти бир айга узартып берүүнү 2-мартта парламенттен өтүнүп, депутаттар 2-апрелге чейинки мөөнөт менен комиссиянын ишин узартышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG