Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:30

Таласта фитосанитардык лаборатория ачылды


2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 13 фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория ишке берилет. Ал үчүн мамлекеттен 190 миллион сом каралган. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Таластагы ЕАЭБдин алкагында курулган фитосанитардык лабораторияны ачып жатып билдирди.

Премьер-министр кошумчалагандай, мындай лаборатория быйыл Нарын, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да ачылат. Ал эми Түптөгү фитосанитардык лаборатория жакында ишке кирээри белгилүү болду.

Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына ылайык, курулуп жаткан лабораториялар, өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларын сырткы рынокко чыгаруу үчүн сертификациялоого шарт түзөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 9-мартта Таласка иш сапар менен барган. (AlS)

XS
SM
MD
LG