“Искандер” ракетасынын Калининград облусуна туруктуу жайгаштырылышы олуттуу тынчсызданууну жаратып, Европа коопсуздугуна сокку урат. Мындай пикирин Германия Тышкы иштер министри Зигмар Габриэль “Интерфакс” агенттигиндеги маегинде билдирген.
Орусия былтыр баллистикалык ракеталарын Калининградга которуп, ал жакта абадан урулган соккуга каршы коргонуучу С-400 системасын жайгаштырган. Москва муну аскердик машыгуу дегени менен Батыштын аскер бийлиги курал-жарактар туруктуу жайгаштырылды окшойт деп кабатырланууда.
“Искандердин” айрым ракеталары 700 чакырымга чейинки аралыкты камтыйт.
Ошондой эле Габриэль НАТОнун төрт миң аскери Польша менен Балтика өлкөлөрүнө жайгаштырылышына байланыштуу Орусиянын сынын четке какты.
“Германия жана НАТОдогу башка өлкөлөр Прибалтикага биринчи киришкен жок”, деген немис министри чөлкөмдө Орусиялык аскерлер да басымдуулук кыларын эске салган.
Габриэлдин бул билдирүүсү анын 9-мартта Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу алдында жасалды.