Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Орусия АКШдан "диалогго ыктаган" элчини күтөт


Жон Хантсман
Жон Хантсман

Орусия Москва менен Вашингтон ортосунда “диалог жүргүзүү идеясын бек тутунган” АКШнын кайсы гана элчиси болбосун кабыл алат. Бул тууралуу орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков 9-мартта билдирди.

Аз илгерээк АКШнын Юта штатынын мурунку губернатору Жон Хантсман Ак үйдүн Орусияга элчи болуу сунушун кабыл алганы кабарланган.

56 жаштагы Хантсман 1992-1993-жылдары Сингапурдагы, 2009-2011-жылдары Кытайдагы Кошмо Штаттардын элчиси болгон. Өткөн жылкы шайлоо кампаниясы учурунда Трампты сындагандардын бири.

АКШ президенти Дональд Трамп Украина, Сирия, хакердик чабуулга байланыштуу чыңалган Вашингтон-Москва алакасын калыбына келтирерин айтып келет.

XS
SM
MD
LG