Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

АКШнын Чалгын кызматы "Викиликсти" айыптады


CIA
CIA

АКШнын Борбордук чалгын кызматы миңдеген документтерди жарыялоо менен америкалыктарды коркунучка кептеп жатат деп WikiLeaks сайтын айыптады.

- Чалгын кызматтарынын АКШны террористтерден жана башка душмандардан коргоо жөндөмүнө залалын тийгизген “Викиликстин” кандай гана маалыматтар болбосун аларды Америка коомчулугу өтө тынчсыздануу менен кабылдашы керек,- деди чалгын кызматынын маалымат катчысы Хитер Фриц Хорньяк 8-мартта.

Хорньяк тымызын чууруган маалыматтар каршылаштарга маалыматтык курал болуп берерин эскертет.

“Викиликс” 7-мартта Борбордук чалгын кызматынан алынды деп 9 миң документти жарыялаган.

Чалгын кызматы ал документтердин чын-бышыгын ырастаган эмес. Ошентсе да Рейтер агенттиги атын атагысы келбеген бийликтеги эки адамдын айтканына таянып, атайын кызматтар өткөн жылдын аягынан тарта эле маалыматтар уурдалганын билишкен деп жазды.

XS
SM
MD
LG