Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт


Өнүктүрүү саясат институту Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгын өткөрөт. Аталган уюмдан кабарлашкандай, Улуттук банк жана башка жыйырмадай каржы уюмдары менен бирге уюштурулуп жаткан иш-чара 27-марттан 2-апрелге чейин уланат. Анда жаштарга акчага кандай мамиле кылуу керектиги, каражат сактоо жана сарптоо маданияты жөнүндө кеп-кеңештер айтылат.

Өнөктүк алдында мектептердин, улан-кыздардын арасында акча колдонуу маданиятына арналган атайын сынактар жарыяланган. Азырынча мелдешке негизинен бишкектиктер кызыкдар болуп жатат. Уюштуруучулар бүт кыргызстандыктарды катышууга чакырышат. Жеңүүчү мектептерге жабдуулар берилет. Мыкты деп табылган өспүрүмдөргө банктан депозит ачылат. Толук маалыматты 0770 06-12-16 телефонунан алууга болот.

Child and Youth Finance уюмунун демилгеси менен башталып, жыл сайын жүздөн ашуун мамлекетте белгилене турган өнөктүк алгач Кыргызстанда 2015-жылы өткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG