Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лондон менен Евробиримдик Брексит боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирди. Маалымат жыйынында “Евробиримдиктен чыгууга мезгил жеткенин” айтты.
Мэйдин белгилешинче, европалык өнөктөштөр Брексит боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин ишара кылышты. Уюмдан чыгуу боюнча расмий жараян марттын аягында башталат.
Улуу Британия 2016-жылы июнда Европа Биримдигинен чыгуу боюнча чечим кабыл алган. Февралда Коомдук палата өкмөткө Брексит сүйлөшүүлөрүн баштоого укук берчү мыйзам долбоорун колдогон.