Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:41

Дюссельдорфдун темир жол бекетиндеги кол салуудан жети киши жарадар болду


Немис полициясы
Немис полициясы

Германиянын Дюссельдорф шаарында белгисиз кишинин адамдарга балта менен кол салуусунан жети киши жараат алды. Окуя бүгүн темир жол бекетинде болгону кабарланууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, балта шилтеген адам жалгыз болгон жана акыл-эси жайында эмес.

Бийлик кылмышка шектелип, Вуппертал шаарынын жашоочусу, теги мурунку югославиялык болгон 37 жаштагы адам кармалганын маалымдады. Алгач поезддегилерге, андан соң бекетте жүргөндөргө кол салган. Полициядан качып баратып, көпүрөдөн секирген жана жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Айрым маалымат булактары мурдараак кол салгандар бир канча киши экенин, алардын экөө кармалганын жазып чыгышкан. Окуядан улам Темир жол бекети убактылуу ишин токтотуп, кайра жанданды. (SE)

XS
SM
MD
LG