Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Жарандык коом: Президент Атамбаев Башмыйзамды бузуп жатат


Президент Алмазбек Атамбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев.

Бир катар жарандык уюмдар жана активисттер Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага кайрылып, президент Алмазбек Атамбаевдин 28-февралда Орусия президенти Владимир Путин менен чогуу маалымат жыйынын өткөрүп жаткан учурда айткан айрым сөздөрүнө көңүл буруусун өтүндү. Алар Алмазбек Атамбаев "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши "накта алдамчылык жана коррупция" деп айткан сөзү менен Башмыйзамдын 26-беренесин одоно бузду деп эсептешет.

"Башмыйзамдын 26-беренеси боюнча айыпталып жаткан ар бир жаран соттун чечими чыгып, күчүнө кирмейинче күнөөсүз деп эсептелет. Президент Атамбаев соттон мурда эле мындай сөзү менен Башмыйзамды бузду, экинчиден, бул билдирүүсү менен Атамбаев Башкы прокуратурага, УКМКга түздөн-түз көрсөтмө берди, ал эми сотторго басым кылып жатат", деп айтылат.

Активисттер Башмыйзамдын 5-беренеси боюнча "мамлекет жана анын органдары анын бир бөлүгүнө эмес, жалпы коомчулукка кызмат кылат" деп, Жогорку Кеңеш президенттин Башмыйзамды бузуусун токтотууга, муну менен Кыргызстандын элин жаңы толкундоолордон сактоого тийиш деп белгилешкен.

Активисттердин бул ачык кайрылуусуна социалдык тармактарда карапайым жарандар да кол коюп жатышат.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевге Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин "алдамчылык" жана "коррупция" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Саясатчы 26-февралдын түнүндө кармалган. Биринчи Май райондук жана Бишкек шаар сотторунун чечими менен эки айлык мөөнөткө камалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG