Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

"Экспорт кербени" Таласка жетти


Экспортко чыгарылган кыргыз балы.
Экспортко чыгарылган кыргыз балы.

Анда таластык дыйкандар, ишкерлер өздөрүнүн товарларын чет мамлекеттерге сатуунун пайдасы тууралуу маалымат алышууда. "Экспорт кербени" Кыргызстанды кыдыруу ишин 21-февралда баштаган. Экономика министрлиги ишкерлер менен биргеликте уюштурган иш-чара 14-мартта жыйынтыкталат. Бул аралыкта жергиликтүү өндүрүшчүлөр товар экспорттоонун пайдасы, сырлары, чет мамлекетке товар чыгаруу үчүн кандай талаптарга жооп берүү зарылдыгын, тиешелүү сапат сертификатын алуу жолдорун үйрөнүшөт.

Өткөн жылы январь айында Евробиримдик Кыргызстандын товарларына өзүнүн базарын ачып, алты миңден ашуун товар үчүн ВСП+ мүмкүнчүлүгүн берген. Бул система ишке киргенден кийин, Кыргызстандын Евробиримдикке товар экспорттоосу 53% өскөнүн Экономика министрлиги ырастоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG