Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:20

Мутко ФИФАдагы орунуна шайланган жок


Виталий Мутко.
Виталий Мутко.

Бул кабарды Орусиянын вице-премьер-министри, Футбол союзунун төрагасы Виталий Мутконун өзү ырастады.

Мутко ФИФА - дүйнөлүк футбол федерациясынын кеңешиндеги орунга кайра шайланбай калды.

Мунун алдында ФИФАдагы булактар Мутко дүйнөлүк футбол уюмдун текшерүү комитетинин сынагынан өтпөй калганын кабарлашкан.

2008-жылдан бери Орусиянын спорт министри кызматын аркалаган Мутко былтыр вице-премьерлик кызматка көтөрүлгөн. Ал WADA - допингге каршы дүйнөлүк агенттик тарабынан орус спортчуларынын допинг колдонуу схемаларына катышканы үчүн да айыпталган. Бул иштерге мамлекеттик мекемелер да катышканы кабарланган.

Бирок ФИФАдагы булактар Мутконун дүйнөлүк футбол уюмдун кеңешине кирбей калышы допинг жаңжалына эмес, анын азыркы саясий кызматына байланыштуу экенин билдиришкен.

Кечээ ФИФАнын жетекчилиги 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионатты Орусиядан башка жакка которууга эч себеп жоктугун жарыялашты. (UE)

XS
SM
MD
LG