Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Стамбул: Кыйраган тик учакта кыргызстандыктардын бары-жоктугу такталууда


10-мартта саат 11:20 чамасында Стамбулдун Бейликдүзү аймагында Эзжазыбашы фирмасына таандык тик учак кыйрады.

Стамбулдун губернатору Васип Шахиндин билдирүүсүндө, кыйроодон 5 киши өлүп, эки адам жаракат алды. Тик учакта жети жүргүнчү болгон, алардын үчөө түрк, төрт жүргүнчү чет өлкөлүктөр деп божомолдонууда.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматы боюнча, бул кырсыкта кыргызстандыктар бар же жоктугу такталып жатат. (ElB/ZKo)

XS
SM
MD
LG