Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

АКШда ИМ тобуна каршы коалициянын жыйыны өтөт


Иракта учурда "Ислам мамлекети" террордук тобунан Мосул шаарынын батыш бөлүгүн бошотуу аракети көрүлүп жатат. 6-март, 2017-жыл.
Иракта учурда "Ислам мамлекети" террордук тобунан Мосул шаарынын батыш бөлүгүн бошотуу аракети көрүлүп жатат. 6-март, 2017-жыл.

Мамлекеттик департамент жарыялагандай, Вашингтондо 22-мартка мерчемделип жаткан кеңешме “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы АКШ баштаган коалициянын 2014-жылдан берки алгачкы “толук” конференциясы болот.

Жыйынга 68 өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана башка лидерлери катышары күтүлүүдө.

Мамлекеттик департамент белгилегендей, алдыдагы жыйында негизги көңүл “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы Иракта, Сирияда жана дүйнөдө күрөштү күчөтүү аракеттерине бурулмакчы.

“Биз азыр “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштүн маанилүү баскычында турабыз жана министрлердин бул жыйынын “Ислам мамлекети” тобун ал Ирак менен Сирияда калган аймактарда жеңүү боюнча эл аралык аракеттерди жана анын филиалдарына, өнөктөштөрүнө, түйүндөрүнө кысымдуу максималдуу күчөтүү үчүн колдонобуз”,- деп айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө. (UE)

XS
SM
MD
LG