Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Кутушев кызматтан кетүү арызын жазды


Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Абдыманап Кутушев кызматтан кетүү боюнча арызын парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековго жазды. Бул тууралуу аппарат башчысы өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып, арызынын сүрөтүн кошо тиркеген. Азырынча арызга төрага кол койгону же койбогону белгисиз.

Бир нече күн мурун парламенттин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети төрага Чыныбай Турсунбековду аппарат башчысы Абдыманап Кутушевди кызматтан алууга чакырган. Кутушевди депутаттар чет мамлекеттерге командировкага көп чыгат деп сындашкан.

Абдыманап Кутушев Жогорку Кеңештин аппарат башчылыгына өткөн жылдын май айында дайындалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG