Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Көз карандысыз журналисттер союзу кайрылуу жасады


Көз карандысыз журналисттер союзу Башкы прокуратура "24 kg" маалымат агенттигин, "Заноза" сайтын жана "Азаттык" радиосун сотко берип, бир нече миллион сомдук доого жыгып жатканына тынчсыздануусун билдирүүдө.

Аталган союз тараткан кайрылууда "ар кандай бийлик тарабынан массалык маалымат каражаттарына жасалган басым сөз эркиндигин чектөө, маалымат айдыңын ээлөө максаты катары кабылданып, мындай аракеттер көбүнчө ишке ашпай, максатына жетпей келе жатканы белгиленген.

Ошол эле учурда көз карандысыз журналисттер союзу маалымат каражаттарын да калыс, бейтараптыкка чакырып, эки тарапты соттошууга эмес, ачык сүйлөшүүнү баштоого чакырган.

Уюм кырдаалга кылдат көз салып, соттук териштирүүлөрдүн укуктук жагына гана көз салбай, учурда бийликтин ММКларды көзөмөлүнө алуу аракети ачык көрүнүп турган жалпы коомдук-саясий атмосферага да көңүл буруларын белгилеген.

Көз карандысыз журналисттер союзу кырдаалдын чыңалып кетпөөсү үчүн бийликти бардык маалымат каражаттарына каршы берилген доо арыздарын чакыртып алууга үндөөдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG