Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:12

Памирлик кыргыздарды Нарын облусу кабыл алууга даяр


Памир кыргыздары
Памир кыргыздары

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов 9-мартта Миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кайыпов облус бийлиги Ооганстандагы кыргыздарды колдоого даярдыгын белгиледи.

Өкмөт өкүлүнүн айтымында, учурда памирлик кыргыздарды көчүрүү боюнча алдын ала план иштелип чыкты.

Ага ылайык, алгач бир нече үй-бүлөнү облуска көчүрүп келип, тиешелүү шартты камсыз кылуу каралууда. Алардын жергиликтүү шарттарга көнүшүн камсыздоо үчүн экиден үй-бүлөнү облустун ар бир районуна жайгаштыруу пландалып жатат.

Миграция кызматынын жетекчиси мындай демилгени колдоого алды. Медетбек Айдаралиевдин айтымында, этникалык кыргыздардын ден соолугуна кам көрүү жана сабатсыздыгын жоюу боюнча ооган бийликтери менен сүйлөшүүлөр өткөн. Макулдашуу негизинде Памир кыргыздарынын балдарын ата-энеси менен үстүбүздөгү жылы Кыргызстанга алып келүү пландалган. Алардын басымдуу бөлүгү 6 жаштан 30 жашка чейинки адамдар.

Учурда документтерди тактоо иштери жүрүүдө.

Расмий маалымат боюнча, Памирде 1500дөй кыргыз жашайт. Кыргыз өкмөтү жана активисттер акыркы жылдары бул аймакка гуманитардык жардам уюштуруп келет.( MiK)

XS
SM
MD
LG