Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Президент Атамбаев ММКга байланыштуу билдирүү таратты


Билдирүүдө акыркы учурда сөз эркиндиги деген ураанга жамынып алган көз карандысыз журналисттер, саясатчылар президент баш болгон бир катар адамдарды негизсиз каралап жатканы айтылат.

Президент мындай өнөктүк айрым маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу бир нече жылдан бери уланып келгенин жана былтыр жай айынан тарта күч алганын белгилеген.

"Кыргызстандын жарандары бул эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын чыныгы көздөгөн максаты - чындык эмес, жалган жалаа жаап, ушактоо менен бүткүл эл шайланган мамлекет башчысынын жана бүт өлкөнүн дүйнөлүк коомчулуктагы беделин түшүрүү, өлкөнүн жаңы президентин шайлоо алдында Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу экенин билиши керек.

Тийиштүү мамлекеттик органдар бул өздөрүн калп эле эркиндик үчүн күрөшүүчү кылып көрсөтүп жаткандарга мыйзам бүткүл эл шайлаган президент үчүн эле эмес, бардык жарандарга бирдей экенин эскерте турган мезгил келди. Көптөгөн кыйынчылыктар аркылуу жеткен жарандардын укуктары жана эркиндиги менен бир ууч жалганчылар жана ушакчылардын чайкоочулук кылышына жол бербейбиз" деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркын шек келтирди деген жүйө менен "24 kg" маалымат агенттигин, "Заноза" сайтын жана "Азаттык" радиосун сотко берип, бир нече миллион сомдук доо талап кылган.

Буга байланыштуу бир катар коомдук уюмдар тынчсыздануусун билдиришкен эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG