Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Германияда террордук чабуул коркунучунан соода борбору жабылды


Германиянын полициясы өлкө батышындагы Эссен шаарындагы соода борборун убактылуу жапты. Ага чейин “аталган борборго террорчул чабуул жасалышы ыктымал” деген кабар түшкөн.

Учурда соода борборун 100гө жакын полиция кызматкери курчап, ичинде текшерилип жатат.

“Полиция коопсуздук органы катары соода борборун жабуу чечимин кабыл алды”, - деди полициянын өкүлү Кристоф Викхорст.

Эссен шаарынын чок ортосундагы соода борбору бүгүн кечке чейин жабык болот. Аталган борбор Германиядагы эң ири соода жайларынын бири.

2016-жылы Эссендеги храмга радикал мусулмандардын кол салуусунан үч адам жараат алган эле.

Германия Европадагы акыркы террордук чабуулдардан соң коопсуздук чараларын күчөткөн. Былтыр декабрь айында Берлиндин эл көп чогулган аянтында жүк ташуучу машине сүзүп кирип, 12 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG