Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Голландияда түрк демонстранттары күч менен таратылды


Түрк демонстранттары.
Түрк демонстранттары.

Роттердамда түрк демонстранттарын таратуу үчүн атчандар полициясы тартылып, суу бүркүгүчтөр колдонулду. Жүздөгөн демонстранттар түрк министрлеринин катышуусунда өтчү үгүт митингине тыюу салган Роттердам шаарынын бийлигинин чечимине каршы акцияга чыгышкан.

Ага чейин голландия бийликтери Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жана үй-бүлө иштери боюнча министри Фатма Саян Каянын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген эмес.

Министрлер Роттердамда Түркиянын Баш мыйзамын өзгөртүүнү жактаган үгүт митингине катышууга камданып жаткан.

Роттердамдын мэри митингди коопсуздук чараларынан улам өткөрүүгө тыюу салган. Мындан соң министр Чавушоглунун учагынын Роттердамга конуусуна уруксат берилген эмес.

Ал эми автоунаа менен Роттердамга кирген Саян Кая полициянын коштоосу менен Германияга чыгарылган. Министр Саян Кая Твиттердеги баракчасына аны Германия менен чектеш Неймеген шаарына алып баратканын жазып чыкты.

«Бүт дүйнө мындай фашисттик аракетке каршы чара көрүшү керек. Аял-министрге карата мындай мамилени кабыл алууга болбойт”-деп жазды түрк министри.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган да Голландия бийлигинин чечимине нааразылыгын билдирип, Нидерланддын бийлигин “фашизмдин калдыгы менен ооруйт” деп сындады.

Ошол эле учурда Анкарадагы Голландиянын элчилигинин имаратында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, дипломатиялык мекемеге кетчү жолдор жабылды.

Голландиянын элчиси учурда өлкө тышында болгондуктан, Түркиянын Тышкы иштер министрлиги дипломаттын Анкарага кайтып келишин каалабай турганын билдирип чыкты.

Түркияда апрель айында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Анда өлкөдөгү башкаруу формасын парламенттиктен президенттикке өзгөртүү каралууда.

Оппозиция мындай өзгөртүү өлкөдөгү бийликти бир колго топтойт деп чочулап жатышат.

Марттын башында Германиянын бийликтери да түрк министрлери катышууну көздөгөн үгүт митингине уруксат берген эмес.

Германияда жашаган түрктөрдүн ичинен 1,4 миллион адам 16-апрелге белгиленген Түркиянын Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумга катышууга укуктуу.

Ал эми Голландияда болсо болжол менен 400 миңге жакын түрк жашайт.

XS
SM
MD
LG