Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Астана Сирия боюнча сүйлөшүүгө даярдык көрүүдө


Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын март айында башталган. Андан бери БУУнун маалыматы боюнча, 300 миңден көп киши каза болду.
Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын март айында башталган. Андан бери БУУнун маалыматы боюнча, 300 миңден көп киши каза болду.

Казакстандын тышкы иштер министрлиги Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын өткөрүү боюнча даярдык көрүүдө. Буга чейин Сириянын оппозициясы сүйлөшүүгө кошумча убакыт сураганы кабарланган.

Бирок казак тышкы саясат мекемеси мындай кайрылуу түшпөгөнүн, 14-15-мартка белгиленген жолугушууга даярдык жүрүп жатканын билдирди.

Сүйлөшүүлөргө Сириянын өкмөт өкүлдөрү, оппозициясы жана Орусия, Түркия, Ирандын өкүлдөрү катышары күтүлүп жатат. Ошондой эле расмий Астана БУУ, АКШ жана Иорданиянын дипломаттары чакырылганын маалымдады.

Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча буга чейин Астанада эки ирет сүйлөшүүлөр өткөн. Анда олутуу жыйынтыктарга жетишилген эмес.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын март айында башталган. Андан бери БУУнун маалыматы боюнча, 300 миңден көп киши каза болду.

XS
SM
MD
LG