Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Абхазияда парламенттик шайлоо өтүүдө


Грузиядан бөлүнүп, эгемендигин жарыялаган Абхазияда бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. 35 депутаттан турган Элдик жыйынга төрт партиядан 137 талапкер ат салышууда. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, мурдагы чакырылыштагы парламенттин 27 мүчөсү кайрадан шайлоого катышып жатат.

Абхазия – президенттик башкаруудагы өлкө. Парламенттин негизги милдети мыйзамдарды кабыл алуу, өлкө бюджетин, Улуттук банк жана башкы прокурордун ордуна президент көрсөткөн талапкерди бекитүү болуп саналат.

Кара деңиздеги бул аймакта 250 миңге жетпеген киши жашайт. Аймак Түштүк Осетия менен бирге 2008-жылы Грузиядан көз каранды эместигин жарыялаган.

Грузия Абхазияны жикчил аймагы катары санаса, Орусия 2008-жылы аны Түндүк Осетия менен кошо көз карандысыз өлкө деп тааныган.

Учурда Орусия колдоого алып, өз аскерлерин да жайгаштырган.

Абхазиянын көз каранды эместигин АКШ баштаган дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG