Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Сириядагы кош жардыруудан каза болгондордун саны 70тен ашты


Сириянын борбору Дамаскта 11-марттагы кош жардыруудан мерт болгондордун саны 74 адамга жетти. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматы боюнча каза болгондордун 54ү жөн-жай тургундар, 20сы полиция кызматкерлери.

Жардыруулар шииттердин тарыхый жайында орун алган. Ажал тапкандардын көбү бул жайга зыяратка келген шиит мусулмандары болгон.

Сирия обсерваториясынын башчысы Рами Абдел Рахмандын айтымында, зыяратчылар түшкөн автобус жүрүп жатканда жолдогу бомба жарылган. Жардыруудан ондогон адамдар жараат алды.

Азырынча жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Сирия менен Ирактагы террорчул топтор уюштурган жардырууларда көп учурда шииттердин ыйык жайлары бутага алынат. Шииттердин ыйык жайы саналган Сайида Зейнаб күмбөзүндө акыркы жылдары бир нече жолу жардыруу болуп, жүздөгөн адамдар каза болду.

XS
SM
MD
LG