Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Беларуста оппозициячыл активисттер камалды


Беларустун Орша шаарында 500дөй адам акцияга чыгышты.
Беларустун Орша шаарында 500дөй адам акцияга чыгышты.

Беларуста жекшембиде өткөн нааразылык акциясында оппозициячыл уюмдардын активисттери жана үч журналист камакка алынды.

Камоолор Беларустун чыгышындагы Орша шаарында болгону кабарланды. Камалгандардын арасында “Жаштар фронту” партиясынын негиздөөчүсү жана мурдагы лидери Павел Северицец да бар. Кыска убактытка “Эркин Европа/ Азаттык” радиосунун Беларус кызматынын журналисти да камалып, кайра бошотулду.

Акцияга чыккандар жылына 183 күндөн аз иштеген жарандарды 200 доллардай салык төлөөгө милдеттендирген мыйзамга каршылыгын билдиришти.

Бир жумадан бери уланып келаткан наарызылык митингдерге өлкө боюнча он миңдеген адам чыкты.

Мыйзам бир жылга токтотулганын президент Александр Лукашенко 9-мартта билдирсе да, нааразылык акциялары токтогон жок. Демонстранттар мыйзамды толук жоюуга чакырышууда. Алар ошондой эле бийликтин саясатын сынга алышып, президент Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышууда.

“Жатып ичерлерден” алынчу салык 2015-жылдын апрелинде киргизилген.

XS
SM
MD
LG