Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Ысык-Атада төрт жашар кызды издөө уланууда


Ысык-Ата районунун Ивановка айлында төрт жаштагы Лидия Кашкарова 7-мартта үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Наристени издөөнү жергиликтүү милиция кызматкерлери менен ыктыярчылар чогуу жүргүзүүдө.

"Жетим балдардын укугун коргоо" фондунун жетекчиси Игорь Беляевдин "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, издөө иштерине жакынкы айылдардан, Бишкектен да ыктыярчыларды тартуу аракети көрүлүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG