Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:47

Сөз эркиндигин коргоо комитети "Эркиндик форумун" уюштурууга чакырды


Соцмедиа.
Соцмедиа.

Аталган комитеттин коомчулукка кайрылуусунда Кыргызстан көз карандысыздык жылдары айрым постсоветтик өлкөлөрдөн сөз эркиндиги жагынан айырмаланып келгени, азыркы бийлик да 2010-жылы сөз эркиндигин колдоо чакырыгы менен элдин ишенимине ээ болгону айтылып, бирок бул артыкчылыгынан кол жууп калуу алдында турганы белгиленген.

Буга акыркы жылдары айрым журналисттердин бийлик тарабынан сот жообуна тартылышы, кээ бир маалымат каражаттарынын Башкы прокуратура тарабынан сотко берилиши, социалдык тармактарда өз пикирин эркин билдирген жарандардын Коопсуздук кызматына сурак бергени келтирилген. Мындан тышкары бийликтин аракеттерин сындаганы үчүн оппозициялык саясатчылардын, алардын ичинде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы, жарандык активист Рита Карасартованын, 24.kg, Zanoza жана Азаттык медиасынын прокуратура тарабынан сотко берилүүсү да белгиленген.

Кайрылуу ээлери бийликти жана президент Алмазбек Атамбаевди сөз эркиндигин кысымга албоого чакырып, "Эркиндик форумун" уюштурууну сунушташкан.

Кыргызстанда сөз эркиндигине басымды токтотуу, соттошууларды токтотуу талабы менен буга чейин "Көз карандысыз журналисттер союзу" ачык кайрылуу жасаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG