Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Eurovision-2017: Орусиянын намысын Юлия Самойлова коргойт


Eurovision сынагына быйыл украиндердин улуттук шуру чынжыры эн белги катары тандалган. Урааны түрдүү улуттардын биримдигин даңазалайт.
Eurovision сынагына быйыл украиндердин улуттук шуру чынжыры эн белги катары тандалган. Урааны түрдүү улуттардын биримдигин даңазалайт.

Эл аралык Eurovision-2017 ыр сынагында быйыл Орусиянын намысын майып ырчы Юлия Самойлова коргойт. 28 жаштагы Юлия англис тилиндеги "Жалын күйүп жатат" деген ыр менен таймашка катышары өткөн жумада анык болду.

Eurovision сынагы быйыл Украинада өтөт. Москва менен Киевдин ортосундагы чыңалуудан улам орустар катышуудан баш тартуусу мүмкүн деген сөздөр чыккан эле.

Сынактын биринчи жарым финалы 9-майга, экинчи жарым финалы 11-майга белгиленген. Финал 13-майда болот.

Былтыр Швециядагы Eurovision сынагында украиналык Жамала жеңүүчү болгон.

Европа телерадиоберүү бирикмеси түптөгөн Eurovision шоусу 1956-жылдан бери такай уюштурулат. Жыл сайын 40тан ашуун мамлекет катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG