Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Бишкек мэриясы куштарга уя курат


Бишкек мэриясына караштуу "Жашылдандыруу" ишканасы бактарга 200 даана куштардын уясын орнотууну пландап жатат. Канаттууларга камкордук үчүн тактайдан жасалган уячалардын жарымы даяр болгонун, күн жылыса бактарга илинерин мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Пайдалуу курт-кумурскаларды канаттуулардан сактоо үчүн уяларга жем салып, куштардын көңүлүн ага буруу жана аларды сейил бактарга тартуу максат кылынган.

XS
SM
MD
LG