Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Садык Шер-Нияз "Манас" тууралуу кино тартат


"Манас" эпосуна тартылган Теодор Герцендин сүрөтү.
"Манас" эпосуна тартылган Теодор Герцендин сүрөтү.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Айтыш фильм" киностудиясынын түптөөчүсү Садык Шер-Нияз "Манас" эпосунун негизинде көркөм фильм тартууга камынууда. Ал үчүн эки миллион долларга жакын акча керек. Бул тууралуу эл өкүлү "Азаттык" радиосуна билдирип, сценарийге идея даяр экенин, каржы маселесин чечүү аракеттери жүрүп жатканын айтты.

- Каражат жагынан мамлекетти кыйнагыбыз келбейт. Анткени, буга чейин башка тарыхый кинолор планга кирип калган, аларга акча берилиши керек. Биз колунда бар кишилер менен кеңешип, элдин жардамы менен тартабыз. Фильмге эпостогу негизги учурлар гана кирет. Чыгарманы бүт бойдон көрсөтүү оор, - деди Шер-Нияз.

Кыргыздардын маданияты, салты жана мүнөзү тууралуу баяндаган "Манас" эпосу дүйнөдөгү эң чоң дастан катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. Андан тышкары, ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесинде.

Садык Шер-Нияз буга чейин "Курманжан Датка" тарыхый фильмин тарткан.

XS
SM
MD
LG