Бишкекте чет элдиктерди тоноп жүрөт деген шек менен кылмыштуу топ кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар Түркиянын жана Германиянын жарандарынын арызынын негизинде колго түшкөн.
Шектүүлөр башка мамлекеттин жарандарын Бишкектин негизги борбордук көчөлөрүндө эле тоноп жүргөнү аныкталган. Бир жолу тапанча менен да коркутушкан.
Кармалгандар 19-21 жаштагы уландар. Алардын биринен MP-654К тапанчасы жана жабыркагандардын телефон, сааттары чыккан.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирилүүдө.
2016-жылдын жайында Ысык-Көлдө Орусиянын, күзүндө Бишкекте Чехиянын жараны тонолгон.