Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Орусия элчилиги Бишкекке нота жиберди


Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Regnum агенттигинин журналистинин депортация болгонуна байланыштуу Тышкы иштер министрлигине нота жиберди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дарья Пахомова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, нотада журналист Григорий Михайловдун мамлекеттен чыгарылышынын чоо-жайын тактап берүү суралган.

10-мартта аталган агенттик шеф-редактору Григорий Михайловдун Кыргызстандан чыгарылганын маалымдаган. Алардын билдирүүсүндө айтылгандай, кыргыз тарап журналисттин өлкөдө жүрүү мөөнөтү өтүп кеткенин жүйөө келтирип, аны депортациялаган. Журналист бул маселени айыппул менен чечсе болорун айтып, депортацияны кесиптик ишмердигине байланыштырган.

Regnum агенттиги 9-мартта өз сайтына “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин билдирүүсүнө таянып, “Кыргызстанда оппозиция президентке психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү талап кылып жатат” деген аталыштагы макала жарыялаган.

Окуя боюнча Кыргызстандын расмий органдары, Ички иштер же Тышкы иштер министрликтери азырынча расмий комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG