Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Албания өкмөт башчысы: төрт министр кызматтан кетет


Албаниядагы оппозициянын каршылык акциялары.
Албаниядагы оппозициянын каршылык акциялары.

Албания өкмөт башчысы, социалист Эди Раманын 12-марттагы билдирүүсүнө караганда, ички иштер, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана жергиликтүү маселелер боюнча министрлер кызматынан алынат.

Социалисттик партиядан дайындалган бул министрлерди кызматынан бошотуу оппозициянын каршылык акцияларынын айынан эмес, алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүү максатынан чыгууда.

- Өкмөт курамындагы өзгөртүүлөр биздин шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүү, көптөгөн жолугушууларды жакшылап өткөрүү үчүн жасалды, - деди Рама.

Кызматтан кетип жаткан министрлер Социалисттик партиянын маанилүү райондордогу координаторлору болуп саналат. Оппозиция нааразылык акцияларында 18-июндагы парламенттик шайлоону эркин жана ачык-айкын өткөрүү үчүн техникалык өкмөт түзүүгө чакырууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG