Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Европа Биримдиги Крымга байланыштуу санкциясын кеңейтет


Крым, Севастополь.
Крым, Севастополь.

Европа Биримдиги Орусиянын Крымды аннексиялоосу үчүн киргизилген санкциялык тизмени кеңейтет. 13-мартта жарыялана турган жаңы тизмеде 150 жеке тарап жана 37 чарбалык субъект болмокчу. Брюсселдин пикиринде, алар Украинанын бүтүндүгүнө доо кетиргендер.

Орусияга каршы санкциялар 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин жарыяланган. Санкция жарыялангандар тизмесинде Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин, президенттин кеңешчиси Сергей Глазьев, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнү башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов жана журналист Дмитрий Киселев бар. Биримдиктин санкциясы ошондой эле 37 уюм жана мекемеге жарыяланган. Алардын арасында Крымда иш жүргүзгөн компаниялар, аскерий бөлүктөр бар. Санкцияны дагы алты айга узартуу же узартпоо маселесин Европа Биримдиги июнь айында карайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG