Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Тажикстанда Коргон-Төбөдөгү жардыруу иликтенүүдө


Республиканын ички иштер министрлигинин кабарлашынча, 12-мартта Коргон-Төбө шаарындагы Айни көчөсүндө 67 жаштагы Хасанбой Рахмоновдун сөөгү табылган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Рахмонов Хатлон гарнизонунун аскерий прокуратурасына жакын жердеги жарылуудан курман болгону аныкталган. Тажик ички иштер министрлиги маалымдагандай, Хасанбой Рахмонов Коргон-Төбө шаарындагы Технологиялык лицейдин күзөтчүсү болуп иштечү. Алты баласы бар жана мурда соттолгон эмес.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Коргон-Төбөдө жергиликтүү тургун өзүн-өзү жардырганын маалымдаган эле. Бирок министрлик аны ырастаган жок. Тергөө иштери жүрүп жатат. Коргон-Төбө шаарында Орусиянын 7 миңдей аскери да жайгашкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG