Түрк бийлиги министрлеринин чыгарылышын жана алар менен жолугушуу үчүн чогулган жарандарга күч колдонууну пропорционалдуу эмес деп атады. Голландия бийлиги Түркиянын социалдык саясат жана үй-бүлө боюнча министри Фатима Бетул Кайаны өлкөдөн чыгарган жана тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун келишине жол берген эмес.
Түркиянын бул эки министри 12-мартта Голландияда Түркияда 16-апрелде боло турган референдумду колдоо максатында жыйындарга катышууну көздөгөн. Референдумда Конституция өзгөртүлүп, президенттик башкаруу орноого тийиш.
Голландиянын иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Даан Феддо Хьюсинди Түркиянын тышкы иштер министрлиги 13-мартта чакырып, эки нота тапшырды. 12-мартта Роттердам шаарында чогулган жүздөгөн адамдарга каршы Нидерланд полициясы иттерди жана суу чачыратчу каражаттарды колдонгон. Президент Эрдоган муну “батышта нацизм тирүү экенин көрсөттү” деп баалады. (AiT)