Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Орусияда Pokemon Go аттуу блоггер соттолууда


Руслан Соколовский.
Руслан Соколовский.

Ал Екатеринбургдагы орус православ чиркөөсүндө Pokemon Go оюнун ойноп, тентектик кылган жана диний жек көрүүчүлүктү козгогону үчүн айыпталууда. Руслан Соколовский өткөн жылы сентябрь айында кармалган. Ал ошол кезде абдан популярдуу болуп жаткан покемон кармоо оюнун чиркөө ичинде ойногонун интернетке жайгаштырган. Анын алдында мамлекеттик телеканалдарда покемондорду чиркөөлөр ичинен кармоого уруксат берилбеши кабарланган.

Соколовскийдин Ютуб каналындагы көрүүчүлөрүнүн саны 300 миңге жеткен. Бул окуяга байланыштуу соттук териштирүү 13-мартта Екатеринбург шаарында башталды. Мына ушундай эле айып менен Pussy Riot аттуу музыкалык топтун эки кызы 2012-жылы эки жылга кесилген. "Эмнести интернешнл" Соколовскийдин камалышын “өз пикирин билдирүүгө каршы фарс түрүндөгү чабуул” деп атаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG