Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Иран өзү жасаган жаңы танкты көргөздү


Жаңы танкты жана анын сериялык түрдө чыгарыла башташын Иран маалымат каражаттары көрсөттү. Иран коргоо министри Хоссейн Дехканинин 12-мартта салтанаттуу аземде билдирүүсүнө караганда, Karrar аттуу танк “ракета менен атып, ракета бутага тийгенге чейин башкара алат”.

Дехканинин айтуусунда, Karrar дүйнөдөгү эң алдыңкы танктар менен “кубаты, тактыгы жана ылдамдыгы” боюнча таймаша алат. Иран маалымат каражаттары жаңы танк электро-оптикалык көзөмөлдөө жана алыскы бутаны лазер менен аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги, кыймылдагы жана бир орундагы бутаны түнү-күнү жок кылууга жөндөмдүү экени маалымдалды. (AiT)

XS
SM
MD
LG