Сербиянын коргоо министри Зоран Жоржиевич 12-мартта Blic гезитине курган маегинде Орусия Сербияга Миг-29 аскерий учактарын берүү маселесин жакын арада чечерин билдирген
Орусия учактарды бекер берет. Сербия учактарды оңдоп түзөө үчүн гана төлөйт. Алты аскерий учакты оңдоо үчүн 185 млн. евро сарпталары айтылууда.
"Бул учактардын канчалык эрте келиши биздин кызыкчылыгыбызда. Биз аларды оңоп-түзөө жана модернизациялоону баштайбыз” деди Зоран Жоржиевич.
Өткөн жылы өкмөт башчы Александр Вучичтин Орусияга сапарында учактар боюнча маселе макулдашылган. (AiT)