Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү боюнча маалымдама мэрияга берилди


Журналисттер.
Журналисттер.

18-мартта Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү болору тууралуу Бишкек шаар мэриясына маалымдама берилди. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири Эдил Байсалов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, билдирүү мэрияга 10-мартта берилген.

Сөз эркиндигин колдоо жүрүшүнүн багыты Бишкектин түштүк тарабындагы Жеңиш паркынан Ак үйгө чейин деп болжолдонууда. Иш-чарага "Көз карандысыз журналисттер союзу" да кошуларын маалымдашкан.

"Биз туруксуздукту каалабайбыз! Биз "кетсин" деген ураан менен чыкпайбыз. Биз эркин шайлоо менен быйыл ноябрда президентти кайра шайлашыбыз керек. Бирок биз 18-мартта жүрүшкө чыгып, өз эркибизди билдирбесек, быйылкы президенттик шайлоо болоруна да кепилдик жок", деп айтылат уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

11-мартта президент Алмазбек Атамбаев билдирүү жасап, "кийинки кезде Кыргызстанда эркин сөрөй журналисттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана саясатчылардын бир ууч тобу басма сөз эркиндигине жамынып алышып, иш жүзүндө өздөрүнө жакпаган адамдарды, биринчи кезекте, бүткүл эл шайлаган эгемендүү Кыргызстандын президентин ашкере ушактоого жана ага көө жабууга өтүштү", деп билдирген.

Мамлекет башчынын бул билдирүүсү айрым саясатчылардын, жарандык коом өкүлдөрүнүн нааразылыгын жараткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG