Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

Саляновага сыртка чыкпоо милдеттендирилди


Аида Салянова
Аида Салянова

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 13-мартта Саляновага айыбы угузулуп, ушундай чечим кабыл алынганын атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматты Салянованын адвокаты Улан Жумаков да бышыктады.

Депутат, мурунку баш прокурор Саляновага юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул ишти тергөөнү УКМК өз колуна алган.

Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, айыпты четке кагып келет. 1-февраль күнкү сурак дээрлик беш саатка созулган. (SE)

XS
SM
MD
LG