Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 12:11

Алмаз Кулматов диний жана этностук саясатты тескейт


Алмаз Кулматов Президенттик аппараттын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы бул тууралуу бүгүн маалымат таратты.

Кулматов буга чейин аталган бөлүмдүн башчысынын орун басары болчу.

Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүн мурда Зайыр Эргешов башкарган. Ал жакында Мамлекеттик дин комиссиясынын төрагалыгына дайындалды. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG