Бишкек мэриясы 18-марттан 22-апрелге чейин ишембилик айлыгын жарыялады.
Шаарды жашылдандыруу, таштандылардан арылтуу, арыктарды тазалоо жана башка жумуштарды жасоо боюнча калаа башчынын буйругу 13-мартта чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ишембиликке менчигинин түрүнө карабай, бардык мекеме-уюмдардын, чарбалык субъекттердин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар ыктыярдуу катыша алат. (SE)