Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Саудия падышасы Жапония императору менен жолукту


Сауд Арабия падышасы Салман шейшембиде Жапония императору Акихито менен жолугушту.

Бир айга созулган Азия турунун төрт күнүн жапондорго бөлгөн падыша кечээ премьер-министр Синдзо Абэ менен да кездешип, өндүрүш, энергетика, каржы келишимдерине кол коюшкан.

Жапония мунайдын көбүн Сауд Арабиясынан алат. Маселен, январь айында 2,2 млрд долларлык карамай сатып алган. Бул байланыштарды дагы өнүктүрүү үчүн падыша Салман жапон ишкерлери менен да жолугууну көздөөдө.

Жапонияга Саудиядан падыша акыркы ирет мындан 46 жыл мурда келген экен.

XS
SM
MD
LG