Европа соту жумуш берүүчүлөр хижабга тыюу салуу менен Евробиримдиктин мыйзамдарын бузбайт, кандай гана чектөөлөр болбосун ишкананын ички тартибине негизделиши керек деген чечим чыгарды. Бул тыюу “түз дискриминация” эместигин белгиледи.
Сот бүтүмү Франция менен Бельгиядан келген эки арыздын негизинде чыкты. Биринчи арызды 2006-жылы хижабды чечпегени үчүн жумушунан кетирилген Бельгиядагы күзөт ишканасынын кызматкери жазган. Европа соту күзөт ишканасынын кадамы бардык кызматкерлер тең, бирдей жумушчу кийимин кийиши керек деген негизге таянганын колдоду.
2004-жылы Франция, андан соң Бельгия адегенде диний символикаларды жумушка алып келүүнү тыйган. Кийинчерээк ал чектөө окуучуларга, аларды мектепке коштогон ата-энелерине тараган.