Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Иранда оппозиция лидеринин уулу камалды


Мехди Карруби
Мехди Карруби

Иранда оппозиция лидеринин уулу Хусейни Карруби өкмөткө каршы материалдарды тараткан деп айыпталып, алты айга кесилди. Бул тууралуу анын туугандары жана Иран мамлекеттик медиасы маалымдоодо.

Оппозиция лидери, мурдагы парламент спикери Мехди Каррубинин өзү да алты жылдан бери үй камагында. Уулу ага байланыштуу ачык сот өткөрүүнү талап кылып, былтыр атасынын президент Хасан Роуханиге жазган катын жарыялаган болчу.

78 жаштагы Мехди Карруби 2009-жылы дагы бир оппозициячы Мир Хуссейн Мусави менен президенттик шайлоого катышкан. Экөө тең Махмуд Ахмединежад жеңген ал шайлоо бурмаланганын айтып чыгышкан. Мындан кийин өлкөдө узакка созулган нааразылык акциялары өтүп, бийлик 2011-жылы оппозиция лидерлерин үй камагына алган.

2013-жылкы шайлоо алдында Роухани аларды бошотууну убада кылганы менен кийин бул маселеге анчейин көңүл бурган эмес.

XS
SM
MD
LG