Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Кыргызстандык жүк ташуучу унаалар Топо жана Улуучатка чейин киришет


Мындай макулдашууга Кыргызстан менен Кытайдын транспорт тармактарынын жетекчилери Үрүмчүдөгү жолугушууда жетишти. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 14-мартта транспорт жана жол министринин орун басары Гүлмира Абдралиева баштаган делегация Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун транспорт департаментинин жетекчилиги менен жолукту. Жолугушууда кыргыз тарап кыргызстандык автоунаалардын чиркегичтери жана жарым чиркегичтери брезент менен жабылганы үчүн Кытайга кирүүсүнө тыюу салынышы тууралуу маселени көтөрдү.

Гүлмира Абдралиева сөзүндө мындай тыюудан улам, кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалар бажы бекеттерине топтолуп, мындан эки тараптуу соода-сатык кызматташуусуна зыян келип жатканын билдирген. Талкуулардан соң кытай тарап брезент менен жабылган чиркегичтери бар кыргызстандык жүк ташуучу унааларды Торугарт аркылуу Кытайдын Топо бажы бекетине чейин, ал эми Эркечтам аркылуу Кытайдын Улуучат бажы бекеттерине чейин коё берүүгө макулдугун берди.

Ошондой эле жолугушууда тараптар жүк ташуучу унааларга темир чиркегичтерди чиркөө талабы тууралуу маселени биргелешип чечүүнү сүйлөшкөн. Кытай тарап темир чиркегичтер тууралуу өзүнүн талабын кыргыз тарапка берип, тааныштырмакчы болду.

Өткөн жумаларда Эркечтам жана Торугарт бекетинде автоунаалары Кытайга киргизилбей турган айдоочулар нааразылык акциясына чыгып, өкмөттөн бул маселени чечип берүүсүн талап кылышкан. Кытай бажычылары алардын автоунааларынын чиркегичтери жана жарым чиркегичтери брезент менен жабылганы үчүн киришине тыюу салган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG