Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:05

Бир айдан бери Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдө расмий түрдө чылым сатылбай, шаарда мыйзамсыз тамеки саткан учурлар көбөйүүдө.
«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдиргендей, акыркы жумаларда Ашхабаддагы жеке дүкөндөрдө чет өлкөлөрдөн алынып келинген чылымдардын түрлөрү көбөйдү. Алардын бир даанасы 2,5-3 манаттан сатылууда. Кыйла сапаттуураак чылымдардын баасы 5 манатка чейин жетет. Бул 1,5 доллардын айланасында.

Түркмөнстанда чылым импорттоо жана сатуу өкмөттүн көзөмөлүндө. Тамеки сатууга расмий уруксат мамлекеттик дүкөндөргө гана берилген. Ошол эле маалда мыйзамсыз түрдө көмүскө базарда чылым саткандар да бар. Алардагы баа мамлекет тарабынан белгиленген баадан бир канча эсеге жогору.

ММКлар Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматына шилтеме кылып билдиришкендей, өкмөт тарабынан мамлекеттик дүкөндөрдө сатуу үчүн белгиленген чылымдын наркы четтен алынып келинген тамекинин баасынан 40 эсеге кымбат.

XS
SM
MD
LG