Пакистандын парламенттик-демократиялык багытта өнүгүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү. Бул тууралуу ушул күндөрү Исламабадда расмий сапар менен жүргөн Жогорку Кеңеш спикери Чыныбай Турсунбеков Пакистан Сенатынын төрагасы Раза Раббани менен жолугушкан учурда айтты.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, 14-марттагы сүйлөшүүлөрдүн негизин эки тараптуу кызматташуу маселелери түздү.
Ал эми соода-экономикалык жааттагы алакалардын азыркы абалы эки жакты теӊ канаттандырбасын белгилешип, байланыштарды күчтөндүрүү керектигине токтолушту.
Турсунбеков ак илбирсти коргоо боюнча быйыл сентябрда Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк саммитке катышып кетүүгө чакырды.
Раббани Кыргызстан менен дипломатиялык алаканын 25 жылдыгына карата мааракелик иш-чараларды уюштурууну Пакистан Сенатынын Достук тобуна сунуштарын белгиледи.
Турсунбеков баштаган кыргыз делегациясынын Пакистанга сапары 13-мартта башталган. Делегация 16-мартта Бишкекке кайтып келет. (SE)