Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Сирия медиасы: Дамаскта жанкечтинин чабуулунан 25 адам мерт болду


Сирия коопсуздук күчтөрү жанкечти жардыруу жасаган сот имаратын курчап турушат. Дамаск, 15-март, 2017-жыл.
Сирия коопсуздук күчтөрү жанкечти жардыруу жасаган сот имаратын курчап турушат. Дамаск, 15-март, 2017-жыл.

Мамлекеттик САНА агенттиги кабарлагандай, Дамасктагы сот имаратынын ичиндеги жардырууну жанкечти жасаган. Андан кеминде 25 адамдын өмүрү кыйылып, дагы бир нече киши жаракат алды.

Жардыруу үчүн болсо азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Бүгүнкү окуянын алдында, 11-мартта Дамасктагы жардыруудан кеминде 40 адамдын өмүрү кыйылды.

Ал үчүн Сириянын “ал-Каида” менен байланышы бар, азыркы “Фатих ал-Шам фронту” же мурдагы “ал-Нусра фронту” согушчан тобу жоопкерчилик алган.

Бүгүнкү жардыруу президент Башар Асадга каршы козголоңдун алтынчы жылдыгына туш келди.

2011-жылдын жазынан берки жарандык согуштан 300 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, миллиондогондору жер которууга аргасыз болду. (UE)

XS
SM
MD
LG