Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Дамаскта экинчи жанкечти жардыруу жасады


Сириянын коопсуздук күчтөрү Дамаскта, жанкечти жардыруу жасаган сот имаратын курчап турушат. 15-март, 2017-жыл.
Сириянын коопсуздук күчтөрү Дамаскта, жанкечти жардыруу жасаган сот имаратын курчап турушат. 15-март, 2017-жыл.

Сириянын мамлекеттик медиасы кабарлагандай, жанкечтилердин экинчиси бүгүн жардырууну Дамасктын Рабва районундагы ресторанда жасады.

Бул жерде өлгөндөр менен жараат алгандардын саны азырынча белгисиз.

Мындан бир нече саат мурда мамлекеттик САНА агенттиги билдиргендей, жанкечти өзү Дамасктагы сот имараты ичинде жардырган эле.

Андан кеминде 25 адамдын өмүрү кыйылып, дагы бир нече киши жараат алган.

Жардыруучулар үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Бүгүнкү окуяга чейин 11-мартта Дамасктагы жардыруудан кеминде 40 адамдын өмүрү кыйылган. Ал үчүн Сириянын “ал-Каида” менен байланышы бар, азыркы “Фатих ал-Шам фронту” же мурдагы “ан-Нусра фронту” согушчан тобу жоопкерчилик алган.

Бүгүнкү жардыруулар президент Башар ал-Асадга каршы козголоңдун алтынчы жылдыгына туш келди.

2011-жылдын жазынан берки жарандык согуштан 300 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, миллиондогондору жер которууга мажбурланды.(UE)

XS
SM
MD
LG