Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

АКШ ФСБнын эки офицерине айып тагууда


ФСБнын Москвадагы баш кеңсеси.
ФСБнын Москвадагы баш кеңсеси.

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги жарыялагандай, алар Орусиянын атайын кызматынын эки офицерин Yahoo компаниясына каршы ири хакерликке катышы бардыгы үчүн айыптоодо.

Алардын бири быйыл февралда Москвада орус бийликтери тарабынан камакка алынган.

ФСБнын АКШ айып коюп жаткан офицерлеринин ысымдары Дмитрий Докучаев жана Игорь Сушчин деп аталган.

Yahoo компаниясы былтыр жарыялагандай, алардын 500 миллиондой кардарынын электрондук даректери бузулган. 2014-жылы болгон бул окуя хакерлик чабуулдардын буга чейин белгилүүлөрүнүн эң ириси.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Yahoo компаниясынын иши боюнча ФСБ офицерлеринен башка дагы алар менен кызматташкан эки хакер да айыпталууда. (UE)

XS
SM
MD
LG